Бишкек, 21-февраль. /- Кабар/. 2011-жылы Россия Федерациясында расмий түрдө 106 миң 700 Кыргызстан атуулу эмгектенген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Россиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Филиппов билдирди.












