Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги

Нью-Йоркто КР ТИМ министри Р.Казакбаев кыргызстандыктар менен жолукту
Бишкек, 18-май /Кабар/.16-майда Нью-Йоркто Америкада окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукту. Жолугушуу кыргызстандыктардын эл аралык Kyrgyz Club бирикмеси тарабынан Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду. Бул тууралуу аталган бирикменин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуу алгач эле эки тарапка тең кызыктуу башталып, пландаштырылган эки сааттын ордуна үч саатка созулду жана мекендештер министрге көптөгөн суроолорду беришти. Кыргызстандыктарды кызыктырган маселе көбүнчө АКШга чыгуудагы виза маселеси жана аны жеңилдетилген түрдө алуу мүмкүнчүлүгү болду.

Ошондой эле кош жарандуулук, башка мамлекеттердеги этникалык кыргыздардын абалы, Манас аэропортундагы транзиттик борбор тууралуу да сөз болду.

Бир гана суроолор берилбестен, сунуштар да айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири Тимур Кыргызбаев этникалык кыргызстандыктардын Кыргызстанга визасыз кирүү сунушун айтты. Анткени көпчүлүк мекендештерибиз чет өлкөнүн жарандыгын алышып, эми түпкү мекенине барууда виза алууга мажбур болушууда.

Kyrgyz Clubдын президенти Айбек Хакимов жолугушуунун жүрүшүндө мартта Нью-Йоркто өткөн чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын Форумунун чечими менен тааныштырды. Бүткүл дүйнөдөгү кыргыздардын башын бириктирген ал Форумда Кыргызстандын тагдырына жана келечегине байланышкан маселелер талкууланып, алгачкы чоң деңгээлдеги жыйын болгон. Анда Кыргызстандын бийликтерине кайрылуу кабыл алынган.

Алардын бири диаспоралардын башчыларына КР ТИМ дипломатиялык мекемеси жок, бирок кыргыздар бар мамлекеттерде ардактуу консул укугун берүү айтылган. Мындай сунуш Р.Казакбаев тарабынан туура кабыл алынды жана ал татыктуу талапкерлерди карап көрүү ниетин билдирди.

Андан соң АКШдагы кыргызстандык диаспораларга такай колдоо көрсөтүп келакандыгы үчүн КР БУУдагы туруктуу өкүлү Тааалайбек Кыдыровго грамота тапшырылды.

Жалпысынан жолугушуунун катышуучулары министрдин суроолорго берген жоопторуна канааттангандыгын билдиришти.

Жакынкы мезгилде КР ТИМ жетекчиси Вашингтон жана Чикагодогу кыргызстандыктар менен да жолукмакчы.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага иш сапарынын жыйынтыктары
Бишкек, 17-май /Кабар/. 15-16-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москвага иш сапар менен барып келди.

Мамлекет башчысы Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал жыйынына катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапарынын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү. Кыргызстандын Президенти Владимир Путинди Россиянын Президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, расмий визит менен Кыргызстанга ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды. Чакыруу кабыл алынды. Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушуу учурунда тараптар апрель айында Бишкекте өткөрүлгөн кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык I жыйындын натыйжалуулугун белгилешти.

Кыргызстанда Азербайжан мамлекеттик компаниясынын (СОКАР) катышуусу жана долбоорду ишке ашырууга Казакстан тарапты тартуу менен нефтини кайра иштетүүчү заводду куруу маселесин активдүү иликтөө боюнча ишти улантуу тууралуу макулдашты.

2012-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Россияга тышкы карыздарын жөнгө салуу, Кыргызстанга ГСМ ташып жеткирүү, ошондой эле республикабызда ГЭСтерди куруу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Бир айдын аралыгында “Дастан” ТУКнын акциясынын 48% жана соода өкүлчүлүгүнүн имаратын өткөрүп берүү менен Кыргызстандын Россияга карыздарын жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иш чараларды өткөрүү чечими кабыл алынды.

Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын куруу маселеси боюнча тараптар долбоорду ишке ашыруунун шарттарын макулдашуу үчүн эки жуманын аралыгында тармактык министрликтердин деңгээлинде консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар нефти жана нефтизаттарын ташып жеткирүү тармагында Макулдашууга кол коюуга даярдыктын жогорку деңгээлин белгилешти. Макулдашууга тез аранын ичинде кол коюунун жана айрым деталдарды макулдашуунун мааниси белгиленди.

Өлкөлөр ортосунда маданий диалогду күчөтүүнүн жана Маданият күндөрүн өткөрүүнүн мааниси зор экендиги белгиленди.

Дмитрий Медведев Бишкек шаарында Ленинграддагы блокаданын катышуучуларына арналган эстелик комплексинин ачылышына байланыштуу Алмазбек Атамбаевге ыраазычылыгын билдирди. Мына ушуга байланыштуу тараптар Бишкек менен Санкт-Петербургдун ортосунда боордоштук байланыштарын орнотуу жана региондор аралык кызматташууну күчөтүү тууралуу Макулдашууга тез аранын ичинде кол коюунун маанисин баса белгилешти

Ошону менен бирге, Россия өкмөтүнүн төрагасы Д.Медведев Д.Ф. Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин Бишкектеги филиалын чыңдоо тууралуу маселе иштелип чыгаарын билдирди.

А.Жээнбеков РФ Мамдумасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту

17 май 2012, 08:14

Баракелде – Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 16-майда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

А.Жээнбеков Россия Федерациясы Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экендигин белгиледи. «Кыргызстан Россия менен кызматташууга чоң маани берет. Жогорку Кеңеш эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө бар күч-аракетин жумшайт»,- деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде С.Нарышкин Россия тарап өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкка оң баасын берерин жана эки тараптуу өз ара мамилелерди дагы тереңдетүү ниети бар экендигин билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө А.Жээнбеков кесиптешинин көңүлүн Россия аймагында жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүнө буруп, алардын Россия Федерациясынын аймагында жүрүү жолжоболорун жөнөкөйлөштүрүү сунушун айтты.

А.Жээнбеков С.Нарышкинди өзүнө ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

ЖК төрагасы А.Жээнбеков Беларусь Улуттук жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы В. Андрейченко менен жолугушту
Бишкек, 17-май /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков 16-май күнү өзүнүн Санкт-Петербург шаарындагы жумушчу иш сапарынын алкагында Беларусь Улуттук жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту. Бул жөнөндө Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жолугушуу жүрүшүндө парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, өлкөлөр ортосундагы алакаларды арттыруу жаатында пикир алышты.

Төрага Асылбек Жээнбеков КМШга мүчө өлкөлөрдү көптөгөн жалпылыктар бириктирип тургандыгын айтты, ошондуктан мурдатан калыптанып калган жөрөлгөлөрдү сактоо менен, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мамилелерди андан ары өөрчүтүү зарылчылыгын баса белгиледи.

«Биз Кыргызстан менен иш жүзүндө баардык багыттар боюнча кызматташууга кызыкдарбыз», – деген оюн билдирди Беларусь Улуттук жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков ЕврАзЭБ ПАА, КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги отурумдары өтүп жаткан Санкт-Петербург шаарында жумушчу иш сапары менен жүрөт.

Президент А. Атамбаев:”Биз биргелешкен аракеттер менен мурда жетишилген макулдашууларды аягына чыгараарыбызга толук ишенем”

Бишкек, 16-май /Кабар/. 16-майда, Москвада шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Россиянын Өкмөт башчысы акыркы кезде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүп бара жаткандыгын белгиледи. “Бизде талкуулай турган маселелер арбын. Ошондуктан өлкөлөрүбүздүн социалдык-экономикалык алакасын талкуулоону сунуш кылам. Биз маселелердин чечүү үчүн тиешелүү аракет жумшаарыбызга ишенем”,- деп баса белгиледи Дмитрий Медведев.

Өз кезегинде Кыргызстандын Президенти Дмитрий Медведевди Россиянын Өкмөт башчысынын кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. “Эми биз биргелешкен аракеттер менен мурда жетишилген макулдашууларды аягына чыгараарыбызга толук ишенем”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, гуманитардык жана маданий кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Президент А. Атамбаев:”Биз биргелешкен аракеттер менен мурда жетишилген макулдашууларды аягына чыгараарыбызга толук ишенем”
Бишкек, 16-май /Кабар/.16-майда, Москвада шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Россиянын Өкмөт башчысы акыркы кезде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүп бара жаткандыгын белгиледи. “Бизде талкуулай турган маселелер арбын. Ошондуктан өлкөлөрүбүздүн социалдык-экономикалык алакасын талкуулоону сунуш кылам. Биз маселелердин чечүү үчүн тиешелүү аракет жумшаарыбызга ишенем”,- деп баса белгиледи Дмитрий Медведев.

Өз кезегинде Кыргызстандын Президенти Дмитрий Медведевди Россиянын Өкмөт башчысынын кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. “Эми биз биргелешкен аракеттер менен мурда жетишилген макулдашууларды аягына чыгараарыбызга толук ишенем”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, гуманитардык жана маданий кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Төрага А. Жээнбеков башында турган ЖК делегациясы Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
Бишкек, 16-май /Кабар/. Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы 15-майда Санкт-Петербург шаарына ЕврАзЭБ ПАА, КМШ ПАА жана ЖККУ ПА жыйындарына катышуу үчүн барды. Ал уюмдардын отуруму 16-17-май аралыгында өтөт. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Барган күнү эле парламентчилер кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Диаспора өкүлдөрү өз мекендештерин концерттик программа менен тосуп алды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков өзүнүн кайрылуу сөзүндө Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга учкай токтолуп, мамлекет турмушундагы баардык тармактарда кескин реформаларды жүргүзүү зарылчылыгын баса белгиледи. Ошону менен бирге, ал мындай кайра курумдарды жүзөгө ашырууга өлкө жетекчилигинин саясий эрки жете тургандыгын айтты.

«Жогорку Кеңеш өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча аткаруу бийлигине конкреттүү тапшырмаларды берип жатат жана Өкмөттүн калк турмушун жакшыртууга багытталган баардык аракеттери менен көргөн чараларын колдоого алат», – дейт ал.

Төрага жыл сайын Кыргызстанга миллиарддаган сом каражат которуу менен, өз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүүгө көмөк көрсөтүп жаткан эмгек мигранттарынын ролу өзгөчө экендигин айтты. Ошону менен бирге, ал көптөгөн кыргызстандыктар жакшы турмуш издеп, өз мекенин таштоо менен, башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып жаткандыгын өтө кейүү менен белгиледи.

Ошондой эле, Төрага өз мекендештерин эмгек мигрантарынын көйгөйлөрү парламенттер аралык уюмдардын отурумдарында да каралып, аны чечүүнүн алгылыктуу чараларынын иштелип чыга тургандыгына ишендирди.

Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү депутаттарга өздөрүнүн жетишкен ийгиликтери, улуттук маданият менен эне тилин колдоо боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди. Алар баарлашуу учурунда жалпы Кыргызстандын жана жеке өздөрүнүн турмушуна байланыштуу көптөгөн курч маселелерди козгоду.

Эмгек мигранттары республикадагы билим берүү тармагы жедеп коррупцияга чырмалып калгандыгын, тактап айтканда, республиканын ЖОЖдорунда окубай туруп эле жогорку билим тууралуу диплом сатып алып жаткан көрүнүштөргө тынчсыздана тургандыгын билдиришти. Эмгек мигранттарынын актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири катары чет өлкөнүн жарандыгын алган мигранттардын өз мекенинде кыймылсыз мүлк алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу белгиленди. Ошондой эле, өзалдынча бутуна туруп калган мигрант-бизнесмендер өз жеринде кайсы тармакка капитал жумшап, кантип иш баштап, ал иши кантип коргой алам деген сындуу суроолорго туштугат. Алар депутаттардан Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн мыйзамдуу жана жагымдуу инвестициялык шарт түзүп берүүнү өтүнүштү.

Төрага А.Жээнбеков суроолорго жооп берип жатып, эмгек мигранттарынын жарандуулукка байланыштуу көтөргөн маселелери мыйзам чегинде чечилиши керектигин жана бул багытта конкреттүү кадамдар жасалаарын билдирди.

Депутат Каныбек Иманалиев алдыдагы жай мезгилинде эмгек мигранттарынын Кыргызстанда өтүүчү форумунда талкууга коюла турган эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоого багытталган мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын маалымдады.

Эмгек мигранттарынан, студенттерден, ишкерлерден турган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн суроолоруна Жогорку Кеңеш делегациясынын мүчөлөрүнүн баары жооп берди.

Эскерте кетсек, Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясында депутаттар Токон Мамытов («Ар-Намыс»), Абдимуталип Кочкорбаев («Ата Журт»), Каныбек Иманалиев («Ар-Намыс»), Абдырахман Маматалиев («Ар-Намыс»), Мирлан Бакиров («Республика»), Эсенгул Исаков («Ар-Намыс»), Галина Скрипкина (КСДП), Максат Сабиров («Республика»), Гүлниза Бейшенбаева («Ата Мекен») бар.

Москвадагы Саммитте 2013-жылды Экологиялык маданияттын жана айлана чөйрөнү коргоонун Жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынды
Бишкек, 16-май /Кабар/. 2012-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өткөрүлгөн ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясынан кийин КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал жыйынына катышты.

Мамлекет башчылары Шериктештиктин ишмердигинин жана аны өнүктүүнүн түйүндүү багыттары, КМШ алкагында ар тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты.

Россиянын Президенти Владимир Путин иш чараны ачып жатып, КМШ өлкөлөрүн достуктун жана жакшы коңшулаштыктын бекем байланыштары байланыштырып тургандыгын белгиледи. “Бүгүнкү жолугушуу биздин мындан аркы кызматташуубузду чындоону карай жасалган дагы бир маанилүү кадам”,- деп баса белгиледи Россиянын Президенти.

Жыйында КМШ мейкиндигинде экономикалык интеграция процесстерин тереңдетүү маселелерине кыйла басым жасалды.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча КМШда 2013-жылды Экологиялык маданияттын жана айлана чөйрөнү коргоонун Жылы деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынды.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Бишкек, 16-май /Кабар/. 2012-жылдын 15-майында, Москвада шаарында ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал жыйынына катышып жүргөн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун маанисин белгилешти.Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди Россиянын Президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди расмий визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды.

Төрага А.Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти
Баракелде – Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы бүгүн, 15-майда Санкт-Петербург шаарына ЕврАзЭБ Парламенттер аралык ассамблеясынын, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн учуп кетти.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жыйындар 16-17-май аралыгында жүрөт.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Токон Мамытов («Ар-Намыс»), Абдимуталип Кочкорбаев («Ата Журт»), Каныбек Иманалиев («Ар-Намыс»), Абдырахман Маматалиев («Ар-Намыс»), Мирлан Бакиров («Республика»), Эсенгул Исаков («Ар-Намыс»), Галина Скрипкина (КСДП), Максат Сабиров («Республика»), Гүлниза Бейшенбаева («Ата Мекен») бар.

Иш сапардын алкагында А.Жээнбеков Россия, Казакстан жана Беларусь парламенттеринин жетекчилери – РФ Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин, Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин, Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле, Жогорку Кеңеш делегациясы Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолугушмакчы.