2016-жылдын 18-февралындагы Элчиликтин пресс-релизи

2016-жылдын 18-февралында  ММКлардын катышуусу менен Москва метросунда россиянын жаранын куткарган кыргызстандык КРнын Президенти А. Атамбаевдин белек сааты жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

Иш-чаранын алкагында Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Жунусов Марат Исаевге КРнын Президенти А. Атамбаевдин атынан белек саатты, 100 миң өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана эстелик белегин тапшырды. Элчи мекендешибизге адамдын башына түшкөн кыйынчылык учурда көрсөткөн жарандык активдүү позициясына, анын эрктүүлүгүнө жана эрдигине ыраазычылыгын билдирди.

Аталган салтанаттан кийин М. Исаев жана анын ата-энеси менен биргеликте чай ичип, баарлашып отурушту.