2016-жылдын 23-мартындагы Элчиликтин пресс-релизи

2016-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россияда эмгектенип жүрүшкөн Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунан чыккан мекендештер жана диаспоранын активистери менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда аларга Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорундагы такталбаган кыргыз-өзбек чек арасында өзбек чек арачылары тарабынан коюлган тосмолордун айынан келип чыккан кырдаал тууралуу маалымат берилди.

Андан тышкары алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан чек ара чатагын чечүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат алышты.

 

Өз кезегинде мекендештер айтылган маалыматка ыраазы болушуп, кошуна мамлекет менен чек ара талаштарын чечүүдө бардык зарыл чараларды колдонууну суранышты. Ошондой эле алар Кыргызстандын башка өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерине доо кетпеши үчүн мекендештер арасында тынчтыкты сактоого жана ар кандай алабарман чакырыктарга азгырылбоого чакырууга даяр экендиктерин билдиришти.