2016-жылдын 1-апрелиндеги Элчиликтин пресс-релизи

2016-жылдын 1-апрелинде Москвадагы «Русская песня» мамлекеттик музыкалык театрында «НИКА» улуттук кинематографиялык премиясынын ХХIХ- тапшыруу салтанаты болуп өт тү.

“КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты фильми” номинациясында биздин мекендешибиз Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» («Небесное кочевье») фильми жеңүүчү болуп табылды.

«Сүтак» фильми режиссердун дебюттук картинасы катары болгону менен көптөгөн сыйлыктарды утуп алганга жетишти. Мисалы: Карловы Варах (Чехия), Киношок (Россия), Евразия (Казахстан), Мумбай (Индия), Листопад (Беларусь), приз НЕТПАК APSA (Австралия), Уфадагы «Серебряный Акбузат» (Башкортостан), «Золотая башня» (Ингушетия) ж.б.

Фильмде Табылды аттуу жылкычынын үй-бүлөсүнүн тарыхы айтылат. Ал баласынан айрылат, бирок келини Шайыр күйөсүнүн үй-бүлөсүнө, жана ошол кооз жерге көнүп калгандыктан ал үй-бүлөгө калууну чечет. Анын үстүнө, Табылды жана анын кемпири Карачач ошол үйдө төрөлгөн 7 жаштагы Умсунай атуу небересине дагы көнүп калышкан эле.

«Сүтак» фильми “НИКА” кинопремиясында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан тартууланып, Элчиликтин өкүлү кино жаратуучулардын атынан бул иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.