2016-жылдын 1-апрелиндеги Элчиликтин пресс-релизи

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б. Отунбаев «Ала-Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылынын ѳкүлдѳрүн кабыл алды.

2016-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б. Отунбаев «Ала-Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылынын ѳкүлдѳрүн кабыл алды.

Жолугушуу учурунда кыймылдын координатору З. Назаркулова «Ала-Тоо айымдары» кыймылынын аялдарды колдоо жана коргоого багытталган ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар тууралуу айтып берип, андан тышкары бул жыл ичинде аткарыла турган алдыдагы максаттары тууралуу кабарлады.

Тараптар мындан аркы биргелешкен кызматташуу жана ѳз ара колдоо кѳрсѳтүү тууралуу ниеттерин билдиришти.