2016-жылдын 4-апрелиндеги Элчиликтин пресс-релизи

2016-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б. Отунбаев Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин Статс-катчысы – министрдин орун басары Г. Карасинге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-орус кызматташуусунун эки тараптуу маанилүү маселелерин талкуулашып, эки өлкө жана эки элдин ортосундагы өз ара ишеним жана сыйлоо менен салт болуп калган стратегиялык шериктештикти мындан ары дагы бекемдөөнү белгилешти.

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Б. Отунбаев Россияда жүргөн эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалдарын жакшыртуу, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өз ара кызыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташуунун күчөтүүгө, ошондой эле ишкерлер жана коомдук уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүнө толук көмөк көрсөтүү үчүн бардык күчүн жумшоого даяр экендигин белгилеп өттү.

Өз кезегинде Г. Карасин Б. Отунбаевди Россия Федерациясындагы дипломатиялык ишинин башталышы менен куттуктап, анын жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Б. Отунбаев менен РФнын ТИМнин КМШ өлкөлөрү Департаментинин директору А. Стерник менен РФнны ТИМнин мамлекеттик протокол Департаментинин директорунун орун басары А.Миляев менен жолугушуп, маанилүү баарлашуу болду.