Пресс-релиз, 2017-жылдын 28-февралы

2017-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери өрт чыккан кампалар жайгашкан Москва облусунун Люберецк районунун Машково айылына барып келишти. Аталган кампаларда Кыргыз Республикасынын  жарандары да эмгектенишет..

Өрт чыккан жерге барып, тактоо менен, өрттөн жабыр тарткандардын ичинде КРнын жарандары катталган эмес. Аталган ишканада 8 кыргызстандык жаран эмгектенет. Булардын баары менен Элчиликтин кызматкери жолугуп, сүйлөштү. Жарандар өрт чыккандыгына байланыштуу жумуш кыскарып, жумушсуз  калуу коркунучу болуп жактандыгы тууралуу тынчсыздангандарын билдиришти. Ушуга байланыштуу Элчиликтин өкүлү жумуш берүүчүлөр менен жолугушуп, маселени талкуулоодо, жумуш берүүчүлөр Кыргызстандык жарандар эч кандай кыскарууга дуушар болбой тургандыгын ишендиришти.

Маселе Элчиликтин көзөмөлүндө болот.