Элчиликтин кызматкерлери «Ты супер» эл аралык конкурсуна катышып жаткан Кыргыз Республикасынын жаш таланты Урмат Мырсаканов менен жолугушту

IMG_1298====IMG_1311====

2017-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери «Ты супер» эл аралык конкурсуна катышып жаткан Кыргыз Республикасынын жаш таланты Урмат Мырсаканов менен жолугушту.

Урмат Мырсканов 11 жашта, Бишкекте тандоо конурсунан өтүп, үстүбүздөгү жылдын 17-январынан тартып, социалдык кызматкер Назира Дуйшебекованын коштоосунда Москвада болууда. Биничи турдун жыйынтыгы боюнча Урмат экинчи турда ырдоого мүмкүнчүлүк алды.

Элчиликтин кызматкерлери долбоордун продюсери Анастасия Пак менен жолугуп кыргызстандык жаш талантты окуу, жашоо шарты менен таанышып, ошондой мекендешибиздин кезектеги конкурска даярданып жаткандыгына да күбө болушту.

Жаш таланта менен болгон маекте дипломаттар Урматка бул долбоордо ийгиликтерге жетишине ишеним билдирүү менен, келечекте жогорку бийиктиктерди багындырышын каалашты.

Маектин аягында Урматка Элчиликтин жалпы кызматкерлеринин атынан белектер, сувенирлер тапшырылды.

Эл аралык музыкалык шоуга 92 бала катышып жатат. Урмат Мырсаканов – балдар үйүнүн тарбиялануучусу, Кыргызстандын атынан катышкан жалгыз өнөрпоз.

Маалымат катары: «Ты супер!» конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишет. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар.