Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаевдин Табиятты коргоо ишмердүүлүгү, экология жана транспорт боюнча Россия Федерациясынын Президентинин Атайын өкүлү Сергей Иванов менен жолугушуусу

IMG_1379=======

2017-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев Табиятты коргоо ишмердүүлүгү, экология жана транспорт боюнча Россия Федерациясынын Президентинин Атайын өкүлү Сергей Иванов менен жолугушту.

Кремлдеги бул жолугушууда кыргыз-орус эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө тиешелүү бир топ актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуулар болду, ошондой эле РФнын Президенти В.Путиндин үстүбүздөгү жылдын 28-февралында Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыктары талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Б.Отунбаев маектешине 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин демилгеси менен Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Эл аралык Форум өткөрүлөрү тууралуу мааалымат берди.

Жолугушууда 2017-жыл Россияда Экология жылы катары белгиленип жаткандыгы белгиленди. Ушуга байланыштуу, эки тарап тең Ак илбирсти  жана экосистеманы сактоо боюнча Эл аралык Форум өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Элчи Б.Отунбаев КРнын Президенти А.Атамбаев РФнын Президенти В.Путинди аталган Форумдун ишине ак илбирстер жердеген он эки мамлекеттик башчылары менен бирге катышып кетүүсүнө атайын чакырык жөнөткөндүгүн маалымдады.

Мындан сырткары Элчи дүйнөлүк деңгээлдеги лидер, табиятты коргоого, “кызыл китепке” жазылган жаныбарларды сактоодогу өзүнүн туруктуу мамилеси менен жалпыга белгилүү болгон РФнын Президентинин  аталган Форумга катышуусу иш-чаранын өткөрүлүшүнө өзгөчө маани бере тургандыгын белгилеп кетти. Кыргызстан жалпы эле планетада жапайы жаратылыштын өз калыбындай сакталышана, анын ичинде Кыргызстандын өзгөчө бир символу болгон Ак илбирстин тукумун сактоого негизги көңүл бураарын да баса белгиледи.

Учурдан пайдаланып, Б.Отунбаев маектешин аталган Форумдун ишине катышып кетүүсүнө чакырды, ошону менен бирге КРнын Президенти А.Атамбаевдин атынан РФнын Президенти В.Путинди Эл аралык Форумга катышуусуна чакыруу катынын көчүрмөсүн тапшырды.

Маалымат катары:

Биологиялык ар түрдүүлүк, ак илбирстин санын сактоо жана калыбына келтирүү боюнча БУУнун Конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-2023-жылдарга карата Ак илбирсти сактоо боюнча Улуттук стратегиян иштеп чыгып, бекиткен.

2013-жылдын 22-23 октябрында КРда ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өткөн. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Бишкек декаларациясы, ошондой эле  Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Глобалдуу программасы кабыл алынган. Программанын максаты – 2020-жылга карата ак илбирстер жайлоосуна ылайыктуу 20 тоолуу жайыттарды калыптандыруу менен, алардын тукумунун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо.

 2014-жылдан баштап Кыргызстанда  Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Глобалдуу программасынын Катчылыгы иштеп келе жатат.