“Нооруз” майрамына байланыштуу эс алуу күндөрү тууралуу
Урматтуу мекендештер,
Нооруз майрамына байланыштуу кыргызстандыктар 18-19-20-21- март күндөрү эс алышат. КРнын Эмгек Кодексинин 113-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү” мыйзамдын 10-17-беренесине ылайык КРнын Премьер-министринин тийиштүү буйругу чыкты.
21-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу беш күндүк графикте иштеген мекеме-уюмдардын 20-марттагы иш күнү 25-марттагы жумуш эмес күнгө жылдырылды.
Ошондуктан Элчилик 20-мартта (дүйшөмбү) иштебей, анын ордуна 25-мартта (ишемби күнү) иштей тургандыгын эске салабыз.