Атайын кармоочу жайдагы майрамдык дасторкон

IMG_1628=====IMG_1633=====

IMG_1669===IMG_1679===

Ыйык Нооруз майрамынын алдында 2017-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Россиянын ИИМнин Миграция башкармалыгынын Москва шаары боюнча убактылуу кармоочу жайына  (СУВСИГ), ал жерде кармалып жаткан КРнын жарандары-мекендештерибиз менен жолугуп келишти.

Кыргыз дипоматтары менен КРнын ИИМнин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси аталган мекеменин жетекчилиги менен жолугуп, жарандардын документтерине тиешелүү, алардын жайгашуу шарттары тууралуу бир топ маселелерди талкуулашты.

Атайын мекеменин жетекчилиги Элчиликтин кызматкерлеринин аталган жайдагы кармалып жаткан КРнын жарандары менен жолугуп, сүйлөшүүсүнө кеңири шарт түзүп беришти. Жыйында ар бир жарандын суроо-талаптары угулуп, керектүү консулдук, укуктук кеңештер берилди, аталган мекемеде көптөн бери кармалып жаткан айрым жарандарга алардын кармалып жаткандыгынын себептери түшүндүрүлдү.

2017-жылдын 17-мартына карата бул мекемеде 117 Кыргызстандын жараны жайгашууда.

Жаз жана жаңылануу майрамы болгон Нооруз майрамдары менен аталган мекемеде жайгашкан мекендештерибизди куттуктап, Элчиликтин кызматкерлеринин өз күчү менен даярдалган майрамдык дасторкон жайылды.