Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери “Саякат жана туризм” 24-Москва эл аралык туристтик көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына катышышты

IMG_1528====IMG_1511=====

IMG_1517===IMG_1542===

IMG_1571====IMG_1585=====

2017-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Москва шаарынын “Экспоцентр” борборунда ар түрдүү мамлекеттердин жана аймактардын туристтик потенциалын алдыга жылдыруучу россиялык эң ири көргөзмөлөрдөн болуп саналган “Саякат жана туризм” деп аталган 24-Москва эл аралык туристтик көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына катышышты.

Элчиликтин өкүлдөрү көргөзмөгө коюлган чет мамлектетердин жана Россиянын аймактарынын улуттук экспозициялары менен таанышты.

Ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты жетишкендиктер үчүн сыйлык тапшыруу аземине да катышты. Мында Кыргыз Республикасы “Өлкөнүн туристтик потенциалын мыкты көргөзөндүгү үчүн” деген жогорку сыйлыкка ээ болду.

Аталган көргөзмөдө Кыргыз Республикасы көргөзмө комплексинин залдарынын биринде улуттук боз үйдү тигип, туруктуу турист, инвесторлорду тартуу максатында өлкөнү таанытуучу көргөзмөнү койду. МИТТ-2017 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан өзүнүн туристтик потенциалын кеңири тааныштырууну пландаштырган.

2017-жылдын 15-мартында аталган комплекстин 8-павильонундагы №2-конференциялык залында Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын сунуштоо менен, кыргыз жаратылышынын ажайып кооздугун даңазалаган жана 2016-жылдын жылдын күзүндө өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кеңири чагылдырып көрсөтүлөт. Көрсөтүүнүн алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу үчүн жолдомолор ойнотулат.

Маалымат катары: MITT Россияда №1-туристтик көргөзмө, эл аралык туристтик коомдоштукта кеңири таанылган дүйнөдөгү беш алдыңкы туристтик көргөзмөлөрдүн катарына кирет. Жыл сайын көргөзмөдө дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсү жана аймактары катышат.

 “Саякат жана туризм” Москва эл аралык туристтик көргөзмө беш өлкөдө: Россияда (Москва, Новосибирск), Украинада (Киев), Казакстанда (Алматы), Азербайжанда (Баку), Турцияда (Стамбул)  туристтик иш чараларын бириктирген  ITE көргөзмөлөрүнүн эл аралык тобунун тармактык портфелинин бир бөлүгү болуп саналат.