7-апрель – эс алуу күнү тууралуу

Урматтуу мекендештер,

 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин №113-беренесине ылайык 2017-жылдын 7-апрели жумушчу эмес күн болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, 7-апрель күнү (жума) Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги иштебей тургандыгын маалымдайбыз.

7-апрель 2010-жылдын Элдик апрель революциясынын күнү болуп саналат.

Акыркы кездерде кыргызстандык жарандарыбыз ар кандай ортомчу жана алдамчылар аркылуу жасалма документтери менен укук коргоо органдары тарабынан кармалып жаткан фактылар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, ушул күнү Сиздерге башка даректен документ жасап берүүнү сунушташса, алардын бардык аракеттери алдамчылык экенин, жана жасалма документ берерин билиңиздер. Алардан алган жасалма документтер менен Россиянын жана Кыргызстандын тийиштүү органдарына кармалсаңыз, анын артында чон зыян тартарыңызды да дагы бир жолу эскертип кетебиз.

Документтерди жасоо боюнча консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүндө гана көрсөтүлөрүн эскертип кетебиз.

Консулдук бөлүм Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсүнүн 62-үйүндө (2-курулуш) жайгашкан (Погорельский кыска көчөсү тарабынан кирет).

Документтердин бардыгы Элчиликтин консулдук кызматкерлери тарабынан атайын белгиленген айнекчеден гана кабыл алынат, даяр болгондо да ошол жерден эле берилет.