Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Россияга болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С.Лавров менен жолугушуусу

IMG_3439===IMG_3501====IMG_2064=====IMG_2118======

IMG_2118======IMG_2127====

2017-жылдын 4-апрелинде Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Чоң имаратында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Россияга болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С.Лавров менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери КРсы менен РФнын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдыгына арналган архивдик документтердин көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышты.

Көргөзмөдө КРсы менен РФнын ортосунда кол коюлган негизги документтер, алардын ичинде 25 жыл мурун кол коюлган Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Протокол, Достук, кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө Келишим коюлган.

Салтанаттын ачылышында Россиянын Тышкы иштер министри С. Лавров үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург шаарында террористтик актыга байланыштуу шериктештик үчүн кыргыз пикирлештерине жана союздаштарына ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде КРнын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардыруудан каза болгондордун жакындарына терең көңүл айтты жана жабыр тарткандарга тезирээк сакайышын каалады. Министр Э.Абдылдаев «мындай мыкаачылык террористтик актыларды эл аралык коомдун коопсуздугу үчүн олуттуу коркунучтуу алып келген коркунучтардын бири катары чечкиндүү түрдө айыптайбыз»,- деп билдирди.

Ошондой эле экспозициянын ачылышында Министр С.Лавров көргөзмөгө коюлган документтер эки мамлекеттин ортосунда чейрек кылым ичинде кол коюлган макулдашуу, келишимдердей эле Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын тарыхы болуп саналаарын белгиледи.