Кыргызстандын ТИМнин башчысы «бул мыкаачылык менен ишке ашырылган актыны чечкиндүү түрдө айыптай тургандыгын» билдирди. «Терроризм эч качан акталбайт, террориздин улуту жана чек арасы жок, жана ал жамандыкты жалпыбыз биргелешкен аракеттерибиз менен жеңе алабыз»

IMG_2169====IMG_2155====

IMG_2094====

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-апрелинде Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С.Лавровдун чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Россияга болгон иш сапары ишке ашты. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык мааракелик күнүнө карата уюштурулду.

Пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Министр Э.Абдылдаев үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург шаарында террористтик актыга байланыштуу террористтик актыдан каза болгондордун жакындарына терең көңүл айтты.

Кыргызстандын ТИМнин башчысы «бул мыкаачылык менен ишке ашырылган актыны чечкиндүү түрдө айыптай тургандыгын» билдирди. «Терроризм эч качан акталбайт, террориздин улуту жана чек арасы жок, жана ал жамандыкты жалпыбыз биргелешкен аракеттерибиз менен жеңе алабыз».

«Мен кесиптешим жана досум Эрлан Абдылдаев айткандарга толугу менен кошулам: террористтердин жана терроризмдин улуту жок. Терроризмде адамдын ата-теги, диний ишеними тууралуу кандайдыр байданыштарды издеп кереги жок», – билдирди Россиянын ТИМнин башчысы.

Ошондой эле Министр С.Лавров терроризм-жалпы адамзатка, динине карабастан каршы жасалган кылмыш. «КМШ өлкөлөрү тарабынан, ошондой эле башка мамлекеттер тарабынан көрсөтүлгөн шериктештик, биримдик геосаясий максаттарга жетүү үчүн тигил же бул экстремистерди пайдаланбастан, терроризмге каршы аракеттерибизди бириктирүү зарылдыгы келип жеткендиги тууралуу жалпы түшүнүктү чагылдырат деп терең ишенем. Азырынча, тилекке каршы, мындай аракеттер азы ишке ашырылууда»,- белгиледи.

Ошондой эле РФнын ТИМнин башчысы кыргыз тарабына «Санкт-Петербург шаарында террористтик актыга байланыштуу шериктештик үчүн» терең ыраазычылыгын билдирди. Терроризмге жана экстремизмдин бардык түрлөрүнө каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Стратегиялык өнөктөштүктүн жан союздаштыктын жогорку динамикасын белгилөө менен, ошондой эле үстүбүздөгү жылы тараптар Жамааттык коопсуздук келишиминин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын жана Жамааттык коопсуздук келишим Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгын белгилеп жаткандыгын эске алуу менен, тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери Кыргызстан менен Россия ЖККУ алкагында активдүү кызматташууну колго алууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.