Москвада салтка айланган ишембилик өткөрүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги 2017-жылдын 29-апрелинде Москва шаарынын «Дружба» эс алуу паркынын, Манас атынын эстелиги орнотулган аянтта салтка айланып калган ишембилик өтөөрүн маалымдайт.

Москва шаарынын Маданият департаментинин жетекчилиги менен макулдашууга ылайык, керектүү шаймандар менен “Достук” эс алуу паркынын администрациясы камсыздайт. Ишембилик саат 9.30да башталат.

Ушуга байланыштуу, урматтуу Мекендештер, жалпы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, баарыңыздарды ишембиликке чакырабыз.