КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи, 12.04.2017

Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан 1973-жылдын 2-сентябрында туулган КРнын жараны Ж.Н айымдын төрт айлык баласы менен кармалышы тууралуу ЖМКда жарыяланган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөндөгүлөрдү тактады.

Аталган жаран эл аралык издөөдө болгондугу белгилүү болду, Издөөнүн демилгечиси Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБи болуп саналат.

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Элчиликте кармалган жарнадын кызы менен жолугушуу болуп, тийиштүү укуктук кеңештер берилди. Азыркы кезде төрт айлык бала Москва шаарынын ооруканаларынын биринде бир тууган сиңдисинин кароосунда жатат.

КРнын жаранынан карата козголгон иш Москва шаарынын Кузьминск райондук сотунда каралууда. Ж.Ннын 2017-жылдын 10-апрелинде кармалгандыгы тууралуу Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Кузьминск району боюнча Башкармалыгынан Элчиликке тийиштүү кат келип түштү. Маселе Элчиликтин көзөмөлүнө алынды.