Ленинград облусундагы жол кырсыгы тууралуу КРнын РФдагы Элчилигинин пресс-релизи

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Ленинград облусундагы Тосненск районунда болгон жол кырсыкта кичи автобус менен фура сүзүшүп, анда жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандык жарандар бар экенин тактады. Жол кырсыгында жалпысынан 18 адам жабыр тарткан. Алардын төртөө КРнын жарандары болуп чыкты. Баары Тосненск райондук клиникалык ооруканага жеткирилген. Кыргызстандык жарандардын бирөө, жаракаты жок болгондуктан үйүнө чыгарылган. Калган кыргызстандык жарандардын абалы тууралуу кошумча маалымат берилип турат.