Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдыгына карата Конференциянын өтүүсү

IMG_2883====IMG_2897=====IMG_2935=====IMG_2944=====IMG_2949=====IMG_2984=====IMG_2952=====IMG_2967====IMG_2993====IMG_2996=====IMG_3001=====IMG_3019====IMG_3044====

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдыгына карата мааракелик иш чаралардын календардык планына ылайык 2017-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын базасында жогорудагы мааракеге арналган Конференция өткөрүлдү.

Конференция Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдыгынын тарыхый маанилүүлүгүнө жогору баа берүү менен, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттер аралык өз ара байланышында ар кандай деңгээлдердеги кызматташуунун жогорку динамикасы менен мүнөздөлгөн тышкы саясий ведомстволордун ортосунда кызматташуу өзгөчө орунду ээлей тургандыгын эске алуу максатын көздөдү.

Конференциянын ишине РФнын ТИМнин Дипломатиялык академиясынын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, 100дөн ашуун коноктор, алардын ичинде: Россия Федерациясынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, РФнын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча Комитетинин мүчөсү Иван Белеков, КРнын ЖКнин депутаты Алмазек Токторов, Кыргызстанда Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектеп келишкен алгачкы Элчилер (Романов Михаил Алексеевич, Рудов Георгий Алексеевич, Власов Валентин Степанович), Москвада аккредиттелген дипломатиялык корпустун, ЖМКнын өкүлдөрү, Москва шаарынын жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер, ошондой Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Конференциянын катышуучуларына карата эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Э.Абдылдаевдин жана С.Лавровдун куттуктоо сөздөрү окулду. Тышкы саясий ведомстволордун жетекчилеринин куттуктоо сөздөрүндө үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Мамлекет башчылардын жана тышкы саясий мекемелердин жетекчилеринин деңгээлинде эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык байланыштардын 25 жылдыгын белгилөөгө карата куттуктоо каттар менен алмашылганы белгиленип, эки өлкөнүн ортосундагы байланыш тарыхый жактан калыптанып калгандыгы жана азыркы кездеги кыргыз-россиялык мамилелердин ургаалдуу түрдө өнүгүүсү баса белгиленген.

Ал эми өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчи Б.Отунбаев Конференциянын катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштар көп кылымдык жана көп кырлуу тарыхка ээ экендигин, ал эми эки өлкөнүн эли өзүнүн жашоо жолунда бир нече жолу биргелешип жеңиштерге, кубанычтарга жетишип, кайгыларды чогуу баштарынан өткөрүү менен тыгыз байланышта өнүгүп келе жатышканын белгиледи.

«Өткөн 25 жыл ичинде эки өлкөнүн ортосунда өз ара байланыштардын конкреттүү бир багыттарын жөнгө салуучу 200дөн ашуун келишим, макулдашуудан турган бекем келишимдик-укуктук базага негизделген кыргыз-россиялык мамлекеттер аралык өз ара байланышты жөнгө салуу боюнча тараптар бир топ чоң иштерди жасады.

Азыркы кезде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кызматташуунун бардык тармактарында кыргыз-россиялык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарында бышып жетилген маселелерди чечүүгө көмөк болуучу активдүү саясий диалог уланып жатат»,- деп билдирди Элчи Б.Отунбаев.

 Ошону менен бирге Элчи россиянын дипломатиясы үчүн эле эмес, жалпы совет мезгилинен кийинки мейкиндиктеги өлкөлөрдүн дипломатиясынын өнүгүүсү үчүн жогорку деңгээлдеги кесиптик кадрлар менен камсыздоодо жогорку орунда турган Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын жетекчилигине мындай мааракелик иш чараны өткөрүүдө көмөктөрү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Конференциянын катышуучуларын куттуктоо менен РФнын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча Комитетинин мүчөсү Иван Белеков жана КРнын ЖКнин депутаты Алмазек Токторов чыгып сүйлөшүп, эки өлкөнүн ортосундагы Парламенттар аралык өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттарын белгилөө менен, келечекте эки элдин достук, ынтымагын бекемдөөчү ири иш-аракеттерди биргелешип ишке ашырууга россия тарабынан даяр экендигин Мамдуманын өкүлү билдирди.

Конференциянын негизги каармандары ардактуу коноктору Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясындагы Элчилер Романов М.А., Рудов Г.А., Власов В.С. чыгып сүйлөшүп, Элчи катары кызматында турган мезгилдердеги кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелериндеги жетишкендиктер, ишке ашырылган келишим, долбоорлор тууралуу кеңири баяндап беришти, ошону менен бирге Элчилер Кыргызстандын жеринин, табиятынын сулуулугу, айрыкча кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдүн көркөмдүгү, кыргыз элинин меймандостугу тууралуу эскеришип, жылуу пикирлерин билдиришти.

Конференциянын жүрүшүндө азыркы учурда РФнын ТИМнин ДАсы тарабынан уюштурулган квалификацияны жогорулатуу курстарында билим алып жатышкан КРнын ТИМнин кызматкерлери-жаш дипломаттардын атынан КРнын ТИМнин кызматкери К.А.Суюмбаева чыгып сүйлөп, россия тарабына, тактап айтканда РФнын ТИМнин ДАнын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Иш чаранын алкагында эки өлкөнүн жетекчилеринин эки тараптуу кызматташуунун алкагындагы жолугушуу, маектерин, ошондой эле кыргыз жергесинин табиятынын кооздугун чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, коноктордун назарына 2017-жыл ичиндеги кыргыз-россия кызматташуусундагы олуттуу окуяларды чагылдырган видеоролик көрсөтүлдү.

Иш-чаранын аягында Конференциянын катышуучулары түшкү тамакка чакырылып, кыргыз улуттук даамы тартууланды.