Пресс-релиз 2017-жылдын 15-майы

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги www.nazarnews.kg сайтында айрым жарандардын билдирүүсү боюнча Москва шаарынын Шарапов айылында “Почта России” ишканасында 170тен ашуун кыргызстандык жаран кулчулукта кармалууда деген чуулгандуу жарыя боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкери, КМШнын уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөштү координациялоо Бюросунун директорунун орун басары А.Алиев, Миграция мамлекеттик кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн, КРнын ИИМнин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 2017-жылдын 15-майында “Почта России” ишканасынын жүк ташуучу терминалына барып, кырдаалдын бардык абалы менен таанышышты.

Аталган ишканада расмий тизме боюнча 82 кыргызстандык жаран эмгектенгендиги белгилүү болду. Кулчулукта иштеп жатышкандыгы тууралуу факты чындыкка дал келбегендиги аныкталды. Айлыктарын өз убагында алышаарын да жумушчулар айтып беришти. Жашаган жерлери менен жакындан таанышкан, себеби, ушул эле жылдын 15-мартында бул ишканага Элчиликтин, ИИМдин өкүлдөрү барып, жумушчулардын жатакана, турган жерлерин жакшыртуу боюнча сунуштарын билдиришкен, Ошондуктан азыркы кезде жашоо-шарттары жакшыргандыгын белгилешти.

Ошону менен бирге кыргызстандык жарандар эмгектенген “Техпромресурс” ЖЧКнын жетекчилиги менен жолугушуп, ал жерде иштегендер менен кеңири маек курулду. Андан кийин “Техпромресурс” ЖЧКнын жетекчилиги менен бирге КРнын Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө келип, ал жерде аталган ишканада иштеген КРнын жарандары – 11 аял менен жолугушуу болду. Бул жарандардын баардыгына айлык акылары төлөнүп берилди.

Ошондой эле бул маселени көтөрүп чыккан “Мекенчил мигранттар” деп аташкан уюмдун мүчөлөрү менен өзүнчө маек курулду жана мындай такталбаган, эл арасында дүрбөлөң чыгаруучу фактыларды Массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармактарда таратуудан мурун андай фактылардын анык-чынын текшерип берүү сунушу айтылды. Ошону менен бирге ушундай жалган фактыларды берүүдө, ошол эле эмгектенип, аз да болсо каражат таап жаткан карапайым жарандардын да кызыкчылыктарын ойлоп иш кылуу керектиги айтылды.