Москвада Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов менен жолугушуу

IMG_4281=====IMG_4298======IMG_4303====IMG_4317====

IMG_4326====IMG_4322====

2017-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Москва шаарында кыргыз диаспорасынын маданий жаатында ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан Маданий борбордо “Аруу дүйнө” жана “Москва кайрыктары” адабий клубдары тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Эл акыны, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси Акбар Рыскулов менен жолугушууга катышышты.

Жолугушууда КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкери акынды Москва жергесине келиши менен чын дилден куттуктап, бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк коомдун өнүгүүсүндө маданияттын, адабияттын, анын ичинде көркөм сөз өнөрүнүн ролу өтө олуттуу экендигин белгилөө менен, Кыргызстандын жалпы адабиятында, ошону менен бирге мурунку совет мезгилиндеги өлкөлөрдүн адабиятында өзүнүн тийиштүү орду бар акын болуп саналган А.Рыскулов менен жолугушуу жалпы иш-чаранын катышуучулары үчүн зор мааниге ээ экендигин билдирди.

Поэзия кечесинде А.Рыскулов өзүнүн акындык, котормочулук жаатындагы чеберчилик терең тажрыйбасы менен бөлүшүп, КРнын Жазуучулар Союзунун төрагасы катары аталган адабий клубдун такшалып калган жана жаңы тажрыйба топтоп келе жаткан жаш акындарына кеңеш – насааттарын айтты. Ошону менен бирге кыргыз поэзиясынын чебери “Үмүт- күдүк” аттуу ыр китебин тартуулап, ал китепке кирген ырлардан көркөм окуп берди.

Ошондой эле адабий кечеде “Москва кайрыктары” жана “Аруу дүйнө” адабий клубдарынын уюштуруучулары, жетекчилери жана мүчөлөрү: Б.Бапанов, Б.Сейитбекова, Ж.Сабаева, А.Мамасадыкова, А.Жандаров, А.Пирматов, С.Насырова, Н.Оргубаева жана башка дагы бир топ жаш акындар Москва шаарында эмгек мигранттары тууралуу Россия жергесинде жакшы пикирди, абройду түзүү максатында чыгармачыл чөйрөдө жасалып жаткан иш-чаралар, ар бир акындын жан дүйнөсүнөн чыгып жазылган чыгармалары, чыгарылган китептери тууралуу кеңири айтып берүү менен, өздөрүнүн чыгармаларынан көркөм окуп беришти. Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн адабий бирикмелердин атынан КРнын Эл акыны А.Рыскуловго, КРнын Жазуучулары союзуна алыста жашап, иштеп жүргөн мекендештерибиздин чыгармачыл жамаатын колдоолору, шыктандыруулары үчүн терен ыраазычылыктарын билдиришти. Адабий кече жагымдуу поэзия ыргагында, жылуу маанайда өттү.

Маалымат катары: Акбар Рыскулов Кемин районундагы Чымкоргон айылында 1953-жылдын 4-апрелинде туулган. Эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында корректор болуп иштөө менен баштаган. Кийин котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1986-жылы ошол эле гезиттин редактору болуп иштеген.

1996-2005-жылдар аралыгында  Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы жана Малайзиядагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматында иштеген.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы болуп шайланган.

1966-жылдан баштап чыгамалары басмадан чыга баштаган. «Көгүчкөндөр бийик учушат» аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1975-жылы чыккан.

Акын чебер котормочу катары И.Мазниндин Л.Левчевдин, Хо Ши Миндин, И.Гетенин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

«Мезгил жебеси» поэтикалык жыйнагы жана «Күрөө тамыр» поэмасы 1983-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.

КРнын Маданиятына эмгеги сиңирген ишмер, КРнын Эл акыны наамдарына ээ жана КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангына ээ.