КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи 27.05.2017

 

2017-жылдын 1-июнунан баштап 12-июлуна чейинки мезгилде Россияда FIFA конфедерациясынын Кубогунун өткөрүлүшүндө коопсуздук чараларын күчөтүү максатында Россия Федерациясынын Президентинин 2017-жылдын 9-майындагы Жарлыгынын кабыл алынганына байланыштуу, ошону менен бирге аталган Жарлыктын Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларында чет өлкөлүк жарандардын миграциялык каттоого туруусу тууралуу бөлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Бул маселе боюнча Элчилик россия тарабы менен Евразиялык Экономикалык Союз жөнүндө Келишимдин жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында РФнын жарандарынын жана  Россия Федерациясынын аймагында КРнын жарандарынын туруусу тууралуу Макулдашуунун жоболорун эске алуу менен, консультацияларды жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата россия тарабынан Россияда Кыргызстандын жарандарынын туруусунун тартибиндеги өзгөрүүлөр тууралуу расмий билдирүү келип түшө элек.