Элчиликтин билдирүүсү 30-май, 2017-жыл

Буга чейин белгиленип кеткендей, 2017-жылдын 29-майында Москва шаарында жана Москва облусунда болгон катуу шамалдан каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары катталбагандыгы такталган.
Ал эми шамалдын кесепетинен жабыр тарткандардын арасында мекендештерибиздин бары же жоктугун тактоодо Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Федералдык округдук борборунун маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын эки жараны катталган: 33 жаштагы Ж.А. жана 35 жаштагы А.Н. Алар Н.Склифосовский атындагы шаардык ооруканага жеткирилген. КРнын жараны Ж.А. дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө чыгарылган, ал эми дарыгерлердин айтуусу боюнча экинчи жаран А.Ндин абалы орточо оордукта.