Кыргыз Республикасынын Элчилигинин маалыматы 31-май, 2017-жыл

2017-жылдын 1-июнунан баштап 12-июлуна чейинки мезгилде Россия Федерациясында FIFA конфедерациясынын Кубогунун өткөрүлүшүндө коопсуздук чараларын күчөтүү максатында Россия Федерациясынын Президентинин 2017-жылдын 9-майындагы Жарлыгынын кабыл алынганына байланыштуу, Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларында чет өлкөлүк жарандардын миграциялык каттоого туруунун күчөтүлүшү боюнча (1 сутканын ичинде каттоого туруу) тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Буга чейин маалымдалгандай, бул маселе боюнча Элчилик россия тарабы менен консультацияларды жүргүзүүдө. Буга чейин россия тарабынан кыргызстандык жарандардын РФда туруу тартиби боюнча кандайдыр бир расмий билдирүү келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз. Бирок Элчилик тарабынан бул маселелер боюнча россия тарабы менен сүйлөшүүлөрдү улантылып жатат.

Ошону менен бирге аталган мезгилдерде жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Элчилик тарабынан аталган шаарларда “күнү-түнү иштөөчү линиялар” (“горячая линия”) уюштурулду:

 – Москва (КРнын РФдагы Элчилиги – тел.: +7 (925) 864-49-60, +7 (925) 864-51-25,

КРнын ММКнын РФдагы Өкүлчүлүгү – тел.: +7 (926) 734 90 97, +7 (925) 291-72-72, +7 (495) 780-74-10),

КРнын ИИМнин РФдагы Өкүлчүлүгү – тел: +7 (929) 657-19-97;

Санкт-Петербург (КРнын РФдагы Элчилигинин Кеңсеси – тел.: +7 (900) 634-90-95);

Казань (КРнын ММКнын РФдагы Өкүлчүлүгү – тел.: +7 965 594 60 23);

Сочи (КРнын Краснодар крайындагы Ардактуу консулдугу – тел.: +7 (988) 245-43-02).

Ушуларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Элчилиги FIFA конфедерациясынын Кубогунун өткөрүү мезгилинде Кубокту уюштуруучу-шаарларда Россиянын укук коргоо органдары тарабынан коопсуздук тартиптерин сактоо боюнча чараларын күчөтүлөрүн кыргызстандык жарандардын эсине салат.

Ушуларга байланыштуу ар кандай укук бузуулар үчүн, айрым учурда Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан кармоолордун болбоосу үчүн Россиянын аталган шаарларына келбей туруу максатка ылайыктуу экендигин, эгерде келүүгө туура келсе, бекитилген тартипте миграциялык каттоого туруунун бардык жол-жоболорун так аткарууну сунуштайт.