Москва шаарынын Мамлекеттик Кремль Дворецинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышында Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин Гала концерти болот

IMG_7693=====

Урматтуу мекендештер, кыргызстандыктар,
Урматтуу достор, Москва калаасынын жашоочулары, Москвадагы улуттук диаспоралардын өкүлдөрү,

2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарынын айтылуу Мамлекеттик Кремль Дворецинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышында Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин Гала концерти болот.
Концертке кирүү акысыз, башталышы саат 19.00.
Чакыруу билеттерди төмөндогү даректер, телефондор аркылуу алууга болот:
– КРнын РФдагы Элчилигинен (дареги: Москва ш., Добрынинская метро ст., Большая Ордынка 64, тел.: 7 (499) 238 33 04, +7 (925) 729 62 36);
– КРнын Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнөн (дареги: Москва ш., Добрынинская метро ст., Малая Полянка 12);
– КРнын ИИМнин өкүлчүлүгүнөн (дареги: Моска ш., Добрынинская метро ст., Большая Ордынка 62/1, тел.: 8 (926) 890 87 00);
– Москвадагы кыргыз диаспора уюмдарынан:
Диаспоралык уюмдардын Координациялык кеңеши – тел.: +7 (926) 910 17 77; +7 (964)707 88 11;
«Мекеним Ала-Тоо» –тел.: +7 (926) 528 33 99;
«Кыргыз Биримдиги» – тел.: +7 (965) 387 06 12;
«Ала-Тоо айымдары» – тел.: +7 (926) 531 95 21;
«Аксы коому» – тел.: +7 (926) 421 12 41;
Москвадагы маданият борбору – тел.: + 7(966) 352 77 07;
Москвадагы кыргыз адабий клубдар – тел.: +7 (903) 197 09 42;
+7 (905) 559 61 56);
Эл аралык ишкерлер коому – тел.: +7 (926) 910 17 77; +8 (903)527 31 72.
Урматтуу достор, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүнүн эки мамлекеттин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматашуусундагы маанилүүлүгүн эске алуу менен, кыргыз искусство чеберлеринин өнөрлөрүнө күбө болуп, кыргыздын улуттук классикалык жана эстрадалык мукам үндүү ырларын угуп кетиңиздер.
Мамлекеттик Кремль Дворецинин атайын иштөө тартибин эске алып, баардыгыңыздар чакыруу баракча менен концертке кечикпей келип берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Гала концерт туура саат 19.00дө башталат.
Москва шаарынын Мамлекеттик Кремль Дворецине кош келиңиздер!