Орозо Айт майрамына байланыштуу эс алуу күнү тууралуу

2017-жылдын 26-июну Кыргызстанда Орозо айт майрамына байланыштуу эс алуу күнү деп белгиленди.

Кыргызстандын муфтиятынын аныктамасы боюнча 2017-жылдын 25-июну  күнү Орозо Айт майрамы белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, майрамды белгилөө жумушчу эмес күнгө туш келсе, эс алуу күн кийинки жумушчу күнгө жылдырылат.

Ушуга байланыштуу, 2017-жылдын 26-июну Кыргыз Республикасынын Элчилиги, ошондой эле  Россиянын башка шаарларындагы Консулдук, Консулдук кеңселер  иштебей тургандыгын маалымдайбыз.