Элчиликтин маалыматтык жарыясы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛОО

(15.10.2017)

 Урматтуу Кыргызстандык жарандар,

 Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуу үчүн Сиздер биометрикалык каттоодон өтүшүңүздөр зарыл жана консулдук каттоого туруу менен, шайлоо дареги боюнча арыз бланкын толтурушуңуздар керек.

       Жогорудагы процедуралардын баары Элчиликтин консулдук бөлүмүндө консулдук жыйым алынбастан ишке ашырылат.

 Негизи:

1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 14-беренеси;

2) “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын каттоонун Бирдиктүү системасын калыптандыруу жана пайдалануунун тартиби жөнүндө” Жобонун 4.4- пункту (БШКнин токтому менен бекитилген – 31.01.2012-ж. №23);

3) “Консулдук жыйымдар жөнүндө” Жобонун 19-1- пункту (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген – №839 от 18.12.2012 – ж.)