Москва шаарынын Өкмөтү менен Бишкек шаарынын Мэриясынын ортосунда карата соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу жөнүндө 1997-жылдын 27-июнундагы Макулдашуусун ишке ашыруу боюнча 2018-2020-жылдарга карата Программасына кол коюлду.

IMG-20170705-WA0016=====IMG-20170705-WA0017======

IMG-20170705-WA0019====IMG-20170705-WA0013=====

2017-жылдын 5-июлунда Бишкек мэриясынын делегациясынын Москва урбанисттик форумуна катышуусунун алкагында Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимовдун Москва шаарынын мэри С.Собянин менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Бишкек шаарынын вице-мэри Э.Исаков, Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жана КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Умный город» аталган долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатында, ошондой эле шаардын урбанизацияланышы менен байланышкан жаңы тоскоолдуктар, чакырыктардан өтүүдөгү Москва шаарынын тажрыйбасы жана эки тараптын кызмташуусунун бардык багыттары боюнча Москва Өкмөтү менен өз ара аракеттери талкууланды..
Жолугушуунун жыйынтыгында шаар башчылары Москва Өкмөтү менен Бишкек шаарынын Мэриясынын ортосунда  соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу жөнүндө 1997-жылдын 27-июнундагы Макулдашуусун ишке ашыруу боюнча 2018-2020-жылдарга карата  Программасына кол коюлду.