КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи 11.07.2017

2017-жылдын 10-июлунда кечинде Москва шаарындагы «РИО» соода жана оюн-зоок борборунда чыккан өрттөн 18 адам жабыр тарткан, алардын ичинде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын эки жараны да катталган.

28 жаштагы кыргыз кыздары (А.Р. жана Н.Т.) Н.Склифософский атындагы тез жардам ооруканасына жеткирилген. Элчиликтин кызматкерлери дарылоочу дарыгерлер менен байланышты, алардын айтуусунда жабыр тарткан эки кыз реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалдары оор, алган жаракаттарынын божомолу боюнча динамикасы жакшы.

Элчилик маселени көзөмөлгө алып, оорукана менен тыгыз байланышта болууда, жана туугандары менен байланыш издөөдө.