КРнын РФдагы Элчилигинин Пресс-релизи 11-июль, 2017-жыл

2017-жылдын 10-июлунда кечинде Москва шаарындагы «РИО» соода жана оюн-зоок борборунда чыккан өрттөн 18 адам жабыр тарткан, алардын ичинде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын эки жараны (Абдуллаева Р.К., 1989-жылы туулган жана Нарбекова Т.Г., 1989-жылы туулган) да катталгандыгын белгилегенбиз.
28 жаштагы кыргыз кыздары Н.Склифософский атындагы тез жардам ооруканасына жеткирилген. Элчиликтин кызматкери дарылоочу дарыгерлер менен жолугушту. Дарыгердин маалыматы боюнча жабыр тарткан эки кыз реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалдары стабилдүү, Нарбекова Т.Г. азыркы учурда кадимки палатага которулду, ал эми Абдуллаева Р.К, азырынча толугу менен айыгуу үчүн реанимация бөлүмүндө калтырылууда.
Элчилик маселени көзөмөлгө алып, оорукана менен тыгыз байланышта болууда, жана туугандары менен байланыш түзүлүп, жолугушту.