2017-жылдын 10-июлунан 14-июлуна чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2017-жылдын 10-июлунан 14-июлуна чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 379 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк –95, булардын ичинен 10 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (СУВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү –117;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–25;

– виза документтери –1.

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 37;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого–5;

– КРнын жарандыгынан чыгууга –4;

– документтерин мыйзамдаштыруу –0;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 31;

Убактылуу консулдук каттоого коюлгандар –55.

Нотариалдык иш-аракеттер –9.

Мындан сырткары, форма 1 документин талап кылуу боюнча арыздар кабыл алынып, тийиштүү КРнын органдарына 7 кат жөнөтүлдү.

Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди –30.

Биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн саны –57.

  1. Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 3 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 53 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу –Тергөө башкармалыгына, Москва шаарынын СИЗО-2 – 2;

– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –2.

  1. Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер–70;

– чыгыш документтердин саны – 43;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар – 29 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 271жаран.

Жалпысынан 323 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)