“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форуму” аталган биринчи эл аралык Форумдун өткөрүлүшү тууралуу

09147-BIG1417165743_yunesko-7

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев 2017-жылдын 20-июлунан баштап 23-июлуна чейинки мезгилде өтүүчү “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форуму” аталган биринчи эл аралык Форумдун ишине катышат.

Расмий маалыматка ылайык Форумдун ишине катышуу үчүн Европадан жана Азиядан, алардын ичинде  Германия, Венгрия, Индия, Россия, Өзбекстан жана Чехиядан 100дөн  ашуун белгилүү алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр катталышкан.

Иш-чараны даярдоого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, “Мурас” элдик тарыхый жана маданий мурас Фонду менен биргеликте катышты.

Уюштуруучу комитеттин пикири боюнча Форум Евразиянын кеңири аймагында жайгашкан элдердин гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө багытталган илим-изилдөөчү, билим берүүчү жана маданий долбоорлорун талкуулоо, ишке ашыруу үчүн жаңы бир аянтча болоору болжолдонууда.

Иш-чараны өткөрүү Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев тарабынан демилгеленген жана көп жылдан бери талкуланып келе жаткан. 2012-жылы Кыргызстандын Президентинин “Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын изилдеп,үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык мкенди сүйүүчүлүктү калыптандыруу боюнча чаралар тууралуу” Евразия аймагынын маданий жалпылыктарын изилдөө боюнча чоң иштерге багыт берген Жарлыгы чыккан.

Алтай цививлизациясы темасы – Венгриядан баштап Японияга чейин зор аймактагы элдердин маданий, гуманитардык мейкиндигинин, генетикалык жактан биримдигинин темасы.

Форумдун ачылышына катышуу үчүн жогорку сый коноктордун –

Башкортостан Республикасынын Башчысы Р.Хамитов, Татарстан Республикасынын Президенти Р. Минниханов, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты алтайлык И. Белеков жана Якутиянын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы А.Жирков жана башкалардын катышуусу күтүлүүдө

Иш-чара декларация кабыл алуу менен аяктайт.