Жетим калган ымыркай балдардын Кыргызстанга жөнөтүлүшү жөнүндө

IMG-20170721-WA0011IMG-20170721-WA0014

2017-жылдын 21-июлунда  Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарындагы ымыркайлар үйүнөн багуусуз калып, балдар үйүнө ташталып калган мекендештерибиздин балдарынын ичинен дагы 5 баланы Кыргызстанга алып кетүүсү боюнча  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлерине көмөк көрсөттү.

Элчилик тарабынын балдардын мекенине кайтуусу үчүн тийиштүү документтердин негизинде балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнө кошумча Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган, балдарды алып кетүүгө уруксат берилген документтер  жасалып берилди.