Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин делегациясы Волоколамск шааарынын түзүлгөндүгүнүн 882 жылдыгын белгилөө салтанатына катышты

IMG-20170728-WA0008=====IMG-20170728-WA0010====

IMG-20170728-WA0011====IMG-20170728-WA0012====

2017-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин делегациясы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөө алкагында Волоколамск шааарынын администрациясынын чакыруусу менен Волоколамск шааарынын түзүлгөндүгүнүн 882 жылдыгын белгилөө салтанатына катышышты.

Волоколамск шаарынын тургундарынын жана салтанаттын катышуучуларынын алдында  шаар үчүн бул күндүн маанилүүлүгү жана Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында совет аскерлери, алардын ичинде кыргыз элинин уулдары каармандыгын көрсөтүшүп, Волоколамск жергесин коргоодо курман болушкандыгы белгиленди. Волоколамск шаары Кыргызстандыктар  үчүн өтө кымбат жерлерден жана Кыргызстандан келген жарандардын согушта курман болгондор үчүн таазим этип, сыйынуучу жайы да болуп саналат.

Элчиликтин жана Россия жергесиндеги кыргыз диаспорасынын Жеңиш күнүн жыл сайын аталган шаарда биргелешип белгилөөсү салтка айланып калган.

Ошону менен бирге Кыргызстандын Токмок жана Шопоков шаарлары менен Волоколамск шаарынын бир туугандык мамилелери да уланып жаткандыгы кубандырат.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү шаардын жана райондун маданият мекемелеринин  чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган майрамдык концертине жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө күбө болушту, Советтер Союзунун Баатыры Д.Шопоковдун эстелигине жана Нелидово шаарындагы 28 Панфиловчул баатырлар коюлган жердеги эстеликке гүлчамбар коюшту.