Москвада басмаканадагы өрттөн каза тапкан кыздарды эскерүү тууралуу 27.08.2017

IMG_6436====IMG_6445===

IMG_6452===IMG_6444====

2017-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарында “Печатный экспресс” басмаканасында чыккан өрттөн каза болгон 14 кыз-келин – Кыргызстандын жаранын эскерүү иш-чарасына катышты.

Каза болгон кыз-келиндердин бир жылдык эскерүү иш-чарасына Москвадагы кыргыз диаспоранын өкүлдөрү, жарандык активисттер, аксакалдар кеңеши, ошондой эле каза болгондордун туугандары катышты. Тилсиз жоонун айынан ажал тапкан кыз-келиндердин жакындарына көңүл айтылып, арбактарына багышталып куран окулду.

Элчилик каза болгон жарандардын туугандарына компенсация төлөп берүү маселеси боюнча Россиянын тийиштүү органдары жана адвокаттар менен иштөөнү улантып жатканын кабарлады.

         Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын тийиштүү органдары тарабынан Россияга чыгып жаткан эмгек мигранттары менен эмгек коопсуздуктарын сактоо, жумуш берүүчүлөр менен жарандык-укуктук, жана эмгек келишимдерин милдеттүү түрдө түзүү тууралуу түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү өтүнүчтөр айтылды.