КРнын Эгемендүүлүк күнүн жана Курман Айт майрамдарын белгилөө үчүн жумуш эмес күндөр тууралуу

 

0be42c2c7381d9d439671a9c1f93cf94=====139b968c45b958515c4844fd6f7327eb====

Урматтуу мекендештер, Россия жергесиндеги кыргызстандыктар,

Кыргыз Республикасынын Дин дин башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 2017-жылдын 1-сентябры Курман айт күнү деп белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Курман айт белгиленген күн жумуш эмес күн деп эсептелет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү 31-августта белгиленет. Демек, 4 күн: 31-август – Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь – Курман айт жана 2-3-сентябрь – ишемби, жекшемби күндөрү жумуш күн эмес.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги аталган күндөрү иштебейт.

Акыркы кездерде кыргызстандык жарандарыбыз ар кандай ортомчу жана алдамчылар аркылуу жасалма документтери менен укук коргоо органдары тарабынан кармалып жаткан фактылар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, ушул күндөрү Сиздерге башка даректен документ жасап берүүнү сунушташса, алардын бардык аракеттери алдамчылык экенин, жана жасалма документ болоорун маалымдайбыз.

Алардан алган жасалма документтер менен Россиянын жана Кыргызстандын тийиштүү органдарына кармалсаңыз, анын артында чон зыян тартарыңызды да дагы эскертип кетебиз.

Документтерди жасоо боюнча консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүндө гана көрсөтүлөрүн эскертип кетебиз.

Консулдук бөлүм Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсүнүн 62-үйүндө (2-курулуш) жайгашкан (Погорельский кыска көчөсү тарабынан кирет).

Документтердин бардыгы Элчиликтин консулдук кызматкерлери тарабынан атайын белгиленген айнекчеден гана кабыл алынат, даяр болгондо да ошол жерден эле берилет.