КРнын РФдагы Пресс-релизи 8.09.2017  

Москва шаарынын түштүк жагында 2017-жылдын 1-сентябрынан 2-сентябрына караган түнү Ауди А8 үлгүсүндөгү унаанын ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы жана ал белгисиз сөөк Кыргызстандан келген жаран экендиги туралуу маалымат боюнча ( http://www.super.kg/kabar/news/200711/) КРнын РФдагы Элчилиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Бул факты боюнча Элчиликтин кызматкери Москва шаарынын Чертанов райондор аралык тергөө бөлүмүнө белгиленген ишти иликтөө максатында барган.

Чертанов райондор аралык тергөө бөлүмүнүн расмий кат түрүндө жазылган билдирүүсүндө бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.  Алдын ала тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча каза болго жарандын инсандыгы аныкталган, ал 1980-жылы туулган Азербайжан Республикасынын жараны Джейхун Азер оглы Ализада болуп чыкты.