«Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшерип алыңыз» акциясы тууралуу

IMG-20170912-WA0002=====

Урматтуу мекендештер, Россия жергесиндеги кыргызстандыктар,

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо кампаниясынын алкагында 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап «Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшерип алыңыз» акциясы иштеп жатат.

Ушуга байланыштуу, ар бириңиздер бул шилтеме (https://shailoo.srs.kg/) боюнча шайлоочулардын тизмесинен текшерип, суроолоруңуздар болсо, дароо “Кайра байланыш” деген бөлүмгө жазып, тактап алсаңыздар болот.