№ 9001 «Россия – Москва ш. КРнын Элчилиги» участкалык шайлоо комиссиясынын штабынын иши тууралуу

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Россия Федерациясынын Москва шаарындагы участкалык шайлоо комиссиясы азыркы кезде өз ишин улантууда.

Участкалык шайлоо комиссиясынын аталышы № 9001 «Россия –Москва ш. КРнын Элчилиги».

№ 9001 «Россия – Москва ш. КРнын Элчилиги» участкалык шайлоо комиссиясынын штабынын дареги  Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64, каб.11.

Тел/факс 8-499-237-44-11, моб.: 8-926-729-59-13.

Штабда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ар бир жаран 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшере алат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын штабы жумушчу күндөрү саат 8.00дөн 18.00гө чейин, эс алуу күндөрү саат 10.00дөн 13.00гө чейин иштейт.

Россия Федерациясынын аймагында туруп Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуу үчүн шайлоочу биометрикалык маалыматын тапшыруусу керек жана консулдук каттоого туруусу зарыл.

Биометрикалык маалыматты тапшыруу жана консулдук каттоого туруу (акысыз) Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүндө Москва шаары, Большая Ордынка 62/2 дареги боюнча жүргүзүлүүдө.

Мурун Кыргызстанда же Россиянын башка шаарларында биометрикалык маалымат тапшырган жарандар Москва шаарындагы шайлоо участогунан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусу үчүн Консулдук бөлүмгө келип, консулдук каттоого туруу менен, “шайлоо дареги жөнүндө” (форма 2) арыздын анкетасын толтуруусу керек. Андан кийин ал жаран Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Биометрикалык маалыматты тапшыруу жана консулдук каттоого туруу (акысыз) иши  2017-жылдын 30-сентябрына чейин улантылат.