Элчиликте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил майрамынын белгилениши тууралуу

IMG_6956=====IMG_6962=====IMG_6992=====IMG_7010====IMG_7008====IMG_7014====

2017-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш- чара өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө КРнын РФдагы Элчилигинин, «Кыргыз тили» коомунун өкүлдөрү, Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын активисттери жана мүчөлөрү жалпы элдик майрамдары менен катышуучуларды чын дилдеринен куттуктоо менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын толук кандуу өнүгүүсүнүн руханий символу, көрсөткүчү катары эне тилибизди мындан ары өнүктүрүү, аяр мамиле жасоо менен сактап, өсүп келе жаткан муундарга калтырууга чакырышты.

Иш-чаранын ардактуу коногу катары Республикалык «Кыргыз тили» коомунун Президенти Р.Курбанов болуп, мекендештерди мамлекеттик тил майрамы менен куттуктоо менен бирге Москва жана Москва облусундагы кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрүнө Россия жергесинде кыргызстандыктар арасында кыргыз тилин өнүктүрүүдө салымдары үчүн аталган коомдун «Ыйык тил» аталган төш белгисин салтанаттуу түрдө тапшырды.

Кыргыз тилине арналган салтанаттуу иш-чарада кыргыз тилинде акындардын ырлары жаңырып, таланттуу мекендештерибиздин аткаруусунда кыргыз улуттук ыр-күүлөр катышуучулардын маанайларын көтөрдү.

Иш-чаранын уюштуруучулары КРнын РФдагы Элчилиги, Москва шаарында кыргыз мекендештердин арасында уюштурулган «Москва кайрыктары» адабий клубу жана «Нур» коомдук уюму болушту.