Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында Кыргыз маданият күндөрүнө арналган, Москва улуттар үйүндө өткөн салтанаттуу иш-чара тууралуу

IMG_6842====IMG_6864====

IMG_6871=====IMG_6884=====IMG_6920=====IMG_6943====IMG_6944====IMG_6948===

2017-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында Кыргыз маданият күндөрүнө арналган, Москва улуттар үйүндө өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага катышкан КРнын РФдагы Элчилигинин, РФы тарабынан катышкан расмий өкүлдөр, Россия Элдеринин Ассамблеясынын, ошондой эле Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү байыртадан калыптанып калган бекем достуктун, Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосунда салтка айланып калган бир туугандык мамилелердин өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Элчиликтин өкүлдөрү тарабынан бардык багыттар боюнча өнүгүп келе жаткан эки тараптуу диалог азыркы кезде кызматташуунун жаңы сапаттуу баскычына багыт алуу менен, Кыргызстанда жана Россияда жашап жаткан элдердин кызыкчылыгында маданияттар аралык байланышты мындан ары бекемдөөгө жана алдыга жылдырууга зор мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгын белгиленди.

Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө мекендештерибиздин активдүү иш-аракеттери КРнын Президентинин маданият боюнча Кеңешчисинин атынан ыраазычылык каттары менен белгиленди.