Биометрикалык маалымат тапшыруу, консулдук каттоого туруу жөнүндө кезектеги жарыя

Урматуу мекендештер, Россия жергесиндеги кыргызстандык шайлоочулар,

2017-жылдын 15-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруунун алкагында Сиздердин көңүлүңүздөргө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Элчилигинин Консулдук бөлүмүндө биометрикалык маалыматты тапшыруу, консулдук каттоого туруу жумуштан кийин – саат 18.00дөн 23.00гө чейинки мезгилде ишке ашырылып жаткандыгына бурабыз.

Жумуштан чыга албай жаткан мекендештерибиз түнкү саат 23.00гө чейин Элчиликке келип биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого туруп кетсеңиздер болот.