Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаевдин Финляндия Республикасынын Президенти Саули Нийнисте мырзага Ишеним грамотасын тапшыруусу жөнүндө

 

Copyright © Tasavallan presidentin kanslia

Copyright © Tasavallan presidentin kanslia

IMG_7112-------сжIMG_7105--------сж.

2017-жылдын 5-октябрында Хельсинки шаарында Президенттик хан сарайда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаевдин Финляндия Республикасынын Президенти Саули Нийнисте мырзага Ишеним грамотасын тапшыруу салтанаты болуп өттү.

Салтанаттуу протоколдук иш-чаранын алкагында КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Финляндия Республикасынын Президенти менен маектешти. Жолугушууда Элчи Б.Отунбаев Кыргызстан Борбордук Азиядагы  парламенттик башкаруу формасындагы алгачкы жана жалгыз  өлкө болуу менен, Финляндиянын принципиалдуу саясий колдоосуна ишенерин жана парламенттик демократия боюнча Финляндиянын тажрыйбасынан алууга кызыкдар экендигин белгиледи.

КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана  Финляндия Республикасынын Президенти кыргыз-фин мамилелеринин азыркы абалын жана эки тараптуу кызматташуунун  мындан аркы келечегин талкуулашты. Элчи Б.Отунбаев Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдөгү кызматташуулар КРда социалдык жана экономикалык жактан өркүндөөлөргө алып келээрине ишеним билдирди.

Финляндиянын Президенти С Нийнисте өз кезегинде кыргыз-фин эки тараптуу сасяий мамилелеринин жанданып жаткандыгына канааттануусун белгиледи, жана достук мамиледеги эки өлкөнүн кызматташуусун мындан ары бекедөөгө Финляндиянын даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Финляндиянын Президенти Кыргызстандагы ички саясий абалга жана үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча кырдаалдарга кызыгуусун билдирди.

         2017-жылдын4-5 –октябрында Хельсинки шаарында болгон мезгилде КРнын Финляндиядагы Элчиси Б.Отунбаевдин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен, Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Департаментинин башчысы жана кызматкерлери менен жолугушуусу болуп өттү.

         Финляндиянын ТИМде болгон эки тараптуу жолугушууларда Элчи Б.Отунбаев эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги байланыштар маселелерин, парламенттер аралык кызматташууну, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, финляндиялык инвестор жана компанияларды Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторлоруна тартуу, илимий, билим берүүчү жана маданий жактан тажрыйба алмашууларды жөнгө салуу маселелерин талкуулады.

            Жолугушуулардын жүрүшүндө Б.Отунбаев өлкөбүздө “Кеңейтилген Европада демилгелер” аталган фин программасынын алкагында долбоорлордун ишке ашырылышы үчүн, ошондой эле долбоордук кызматташуунун кийинки жылдарга узартылышы үчүн Финляндиянын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

            Өз кезегинде финляндиялык кесиптештер ЕБи менен кызматташуу алкагында  жана эки тараптуу форматта тажрыйба алмашуу багытында да Кыргызстанды колдоого даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушууда фин тарабы долбоордук кызматташуу программасын 2018-2020-жылдарга узартуу ниеттерин тастыкташты, жана техникалык жардам берүү жолу менен Кыргызстандын энергетикалык, транспорт, инфраструктуралык потенциалын иштеп чыгууга жана эки тараптуу кызыкчылыктарды туудурган дагы башка тармактарга кызыгуусун билдирди. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Финляндиянын ортосунда кызматташуунун бардык тармактарында байланыштарды өнүктүрүүгө өз ара аракеттерин билдиришти.