2017-жылдын 2-октябрынан 6- чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2017-жылдын 2-октябрынан 6- чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 342 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 109, булардын ичинен 11 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү –65;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–10;

– виза документтери –5.

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 39;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого–4;

– КРнын жарандыгынан чыгууга –2;

– документтерин мыйзамдаштыруу –0;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 32;

Нотариалдык иш-аракеттер –1.

Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди –75.

  1. Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 4 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 10 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Москва шаардык Басманный сотуна, Москва шаарынын Таганский райондор аралык тергөө бөлүмүнө, Москва шаарынын, Хамовнический райондук сотуна чыгуулар-  8;

– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –1.

  1. Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер63;

– чыгыш документтердин саны – 49;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар – 28 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 290 жаран.

Жалпысынан 612 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)