Көңүл айтуу китеби ачылат

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин 2017-жылдын 7-октябрында жол кырсыгынан улам мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын жакындарына, ага-туугандарына терең кайгыруу менен көнүл айтат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде (Большая Ордынка 64 дареги боюнча) 2017-жылдын 10-октябры күнү саат 10.00-13.00гө чейин жана 14.00 – 17.00гө чейин Көңүл айтуу китеби ачылат.