Жарандарды кабыл алуунун электрондук кезегин башкаруу системасынын ишке киргизилиши жөнүндө

IMG_7181====IMG_7199IMG_7200===IMG_7214===IMG_7218====IMG_7226===IMG_7245====

2017-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде эң чон консулдук округга ээ Консулдук бөлүмдүн ишин жакшыртуу, өркүндөтүү боюнча жыйынтыктарын сунуштоо иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Элчиликтин жалпы жамааты, Москвадагы кыргыз диаспоралык уюмдардын, ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи Б.Отунбаев консулдук жардам үчүн кайрылган жарандар үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында үстүбүздөгү жылдын июль айынан баштап жарандарды кабыл алуунун электрондук кезегин башкаруу системасы иштеп жаткандыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын «Таза Коом» сан ариптик трансформациялоо боюнча Программасынын ишке ашырылышынын алкагында КРнын РФдагы Элчилиги тарабынан демилгеленген кабыл алуунун электрондук кезегин башкаруу системасынын коюлушу бүгүнкү күнү өзүнүн оң натыйжаларын берүүдө. Жарандардардын көптүгүнөн келип чыккан кезектер жолго салынып, аларды тейлөө боюнча система бир нукка келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчилиги Москва шаарында жана Москва облусунда убактылуу /туруктуу турган 300 миңден ашуун КРнын жарандарын тейлейт.

Жарандарды тейлөөнү жакшыртуу максатында үстүбүздөгү жылы жарандар үчүн атайын ылайыктуу шарттары менен ( кыш-жай желдетүүчү жабдуулар, ж.б.), заманбап маалыматтык технологиялары менен күтүү залы курулган. Ал залда консулдук кызмат көрсөтүү, документтерди тариздөө тартиптери жана башка консулдук, укуктук суроолорго жооп берүүчү маалыматтар камтылган такталар орнотулуп, атайын роликтер даярдалган.

Буга чейин Консулдук кызмат бөлүмүнүн жарандарды кабыл алуу бөлмөлөрүндө, Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо, коррупцияга каршы аракеттерди көрүү максатында байкоочу камералар да орнотулган.

Ошондой эле Элчилик тарабынан демилгеленген Консулдук кызмат бөлүмүндө “паспорт” автоматташтырылган маалыматык система да ишке киргизилген, аталган системанын ишке киргизилиши КРнын жарандарынын инсандыгын аныктоо бир топ женил болуу менен, иш-аракеттин тез арада ишке ашуусуна алып келди.

Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумада Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу статистикалык маалыматтар, жарандарды кабыл алуунун абалы, жарандардын арыздары боюнча кириш, чыгыш документтердин статистикасы камтылган кенири маалымат Элчиликтин расмий сайтында, социалдык баракчаларында жайгаштырылууда.

Ошондой эле Элчиликтин инетернет аркылуу кабыл алуу системасы да жанданып иштеп жатат. Жарандар керектүү документтерди тариздөө боюнча консультацияларды алуусуна шарт түзүлгөн.

Иш-чаранын алкагында Элчи Б.Отунбаев жарандарды кабыл алуу, аларга тийиштүү консулдук көмөк көрсөтүү боюнча Элчилик тарабынан көрүлгөн бардык чаралар Россиянын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан мекендештерибиздин бир топ маселелерин ыкчам, өз убагында чечип берүүгө мүмкүнчүлүк берип жаткандыгын белгилеп кетти.

Жарандар менен ачык жана конструктивдүү иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген жаңы технологияларды жана жаңылыктарды Элчилик тарабынан ийгиликтүү пайдаланылышы КРнын ТИМнин жетекчилиги тарабынан жактырылган.

Салтанаттуу ачылыштын жүрүшүндө Элчи “Империя права” юридикалык фирма менен тыгыз байланыш, кызматташууну белгилеп кетти.

КРнын жарандарынын, юридикалык жана жеке жактардын кызыкчылыктарын коргоодо активдүү жарандык позициялары, жана Элчиликтин Консулдук бөлүмүндө электрондук кезекти башкаруу системасын ишке киргизүүдо кошкон зор салымдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирүү менен, Элчи жалпы Элчиликтин атынан кыргыз диаспорасынын төмөндөгү активисттерине ыраазычылык каттарын салтанаттуу тапшырды: Суранчиев Ы.Э., Эргешов А.Т., Калыкбаев Н.Ж., Суранчиев Т.Э.