2017-жылдын 16-октябрынан 20- октябрына чейинки мезгилдеги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Консулдук бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жарандар үчүн ачыктыгын камсыздоо максатында ар жумалык ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

2017-жылдын 16-октябрынан 20- октябрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

Жалпысынан 226 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:

Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:

– КРна кайтууга күбөлүк – 112, булардын ичинен 2  жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;

– КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү –47;

– балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу–6;

– виза документтери –7.

Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:

– паспорт алууга – 34;

– КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого–1;

– КРнын жарандыгынан чыгууга –4;

– документтерин мыйзамдаштыруу –1;

Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар – 11;

Нотариалдык иш-аракеттер –3.

Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди –75.

Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):

– кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 4 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;

– консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 65 жаранга оозеки консультация берилди;

– сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Москва облустук Люберцы сотуна, Перово райондук ИИБи, Москва шаарынын №1 Түзөтүү  колонияясы –  6;

– Жарандардын сөөгүн Жүк “200” КРна алып кетүү боюнча жардам –3.

Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:

– КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер51;

– чыгыш документтердин саны – 35;

– жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар – 32 жаран;

-Телефон аркылуу консультация алгандар – 302 жаран.

Жалпысынан 425 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды)