Милиция кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 93 жылдык мааракеси менен куттуктоо

IMG_7633===IMG_7641---====IMG_7638=====

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев жана Элчиликтин жалпы жамаатынын атынан КМШнын Уюшулган кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштарга каршы күрөш боюнча Бюросунун КРнын ИИМнин атынан директорунун орун басары, милициянын полковниги А.С. Алиев мырзаны жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн офицерлери Б.М.Камбаров жана К.Б.Исаков мырзаларды Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 93 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктап, тартиптин сакчылыгында, элибиздин тынчтыгын жана өмүрүн коргоодо, мыйзамды жана тартипти бузгандар менен күрөшүүдө бардык күч-аракеттерин жумшап, татыктуу кызмат өтөп жаткандыктары үчүн ыраазычылык катын тапшырды.