Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде кыргыз товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт

2016-12-14-photo-00000125

2017-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде кыргыз товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Көргөзмө-жарманкеде Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн азык-түлүк товарларынын үлгүлөрү менен таанышып, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Көргөзмө-жарманкеде Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк товарлары,ошондой эле кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн буюмдары коюлат.

Бардык каалоочуларды саат 14.00дөн баштап ачылган көргөзмөгө чакырабыз. Дареги: Большая Ордынка көч.,62 ( Элчиликтин Конок үйү).